Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №28-2
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан жаңы конуштарды аныктап наам берүү жана кээ бир көчөлөрдүн эски аталыштарын өзгөртүп берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан аталышы жок жаңы конуштарга наам берүү жана кээ бир көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүп берүү жөнүндөгү айыл башчыларынын билдирүүлөрү жана айыл тургундарынын оозеки арыздарын канааттандыруу максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан аталыштары жок жаңы конуштарга наам берүү жана кээ бир көчөлөрдүн эски аталыштарын өзгөртүп берүү жөнүндөгү айыл башчыларынын билдирүүлөрү жана айыл тургундарынын оозеки арыздарын канааттандыруу максатында аларга төмөнкүдөй наам берилсин:
Чапаев айылы, Мирмахмудов участкасы
Хабибилло Шергозиев
Чапаев айылы, Коргошун-Талаа участкасы
Теплица көчөсү,
Теплица1 көчөсү ,
Чапаев айылы,Үч-Кемпир участкасы
Миргизали Мамарахимов
Номанжан Позилов
Моминжан Ажы Артиков
Чапаев айылы Үч-Кемпир участкасы (эски аталыштарын өзгөртүү)
С.Каратаев 1- Абдуманноп Абдувопов
С.Каратаев 3- Чыңгыз Айтматов
С.Каратаев 4- Имам Ал Бухарий
Үч –Кемпир 1- Хамиджан Азимов
Үч-Кемпир 2- Ибн Сино
Үч-Кемпир 3- Нуриддин Каримов
Үч-Кемпир 4-Исхак Раззаков
Үч-Кемпир5- Комил Зангар
Үч-Кемпир 6- Ермат Журабашы
Беш-Тал 1, 2- Дадажанов Ахмад Карвон, Дадажанов Ахмад Карвон 1
Беш-Тал 3, 4-Сотволди Ажы Исмоилов, Сотволди Ажы Исмоилов 1
2. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров, айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ю.Сайтбаев, жооптуу катчысы Ч.Инаковага милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Исмоилов |