Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 11/1
Кара-Суу шаарынын 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын 2020-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 70127,1 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде: 8100,0 миң сом – атайын каражат.
2. Кара-Суу шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү тиркемелерде көрсөтүлгөн булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. 2020-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
1) Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош кызмат орундарына жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн;
2) Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
4. 2019-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2020-жылга карата бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
5. Кара-Суу шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2020-жылдын 1-январына карата 10,0 миң сом суммасында бекитилсин.
6. Ар кандай салыктар жана жыйымдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан салынган айып акылар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр-100 % шаардык бюджетте калат. Шаар мэриясына жана бюджеттик мекеме жетекчилерине атайын каражаттарды казыналык системадан сырткары пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы шаардык бюджеттин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
7. Тармактар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Башкаруу аппаратын кармоонун чыгымдары 10242,4 миӊ сом, анын ичинен:
2) шаардык кенешинин айлык акы 1085644 сом, соцфондко чегерүүлөр 160520,2 сом.
3) шаар мэриясынын айлык акы 4834816 сом, соцфондко чегерүүлөр 714862,1 сом, резерв фонду 620,0 миӊ сом.
4) Шаардык кенештин, шаар мэриясынын типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде бекитилсин;
5) Шаардын муниципалдык департаментинин чыгымдары 19705,4 миӊ сом, а.и.айлык акы 3160794 сом, соцфондко чегерүүлөр 512289,8 сом, 2020-жылы оӊдоп-түзөө жана курулуш иштерине 12028,2 миӊ сом.
Аткарыла турган курулуш жана ремонттоо иштери:
Ленин көчөсүнүн 2 жерине жаӊы светофор коюуга - 700,0 миӊ сом;
Шаардын айлампа көчөлөрүнүн жыртыктарын жамоого- 500,0 миӊ сом;
Шаардын көчөлөрүндөгү түнкү жарыткычтарды светодиоддук жарыткычтарга алмаштырууга -500,0 миӊ сом;
Ала-Тоо кинотеатрынын алдындагы гүлкананы реконструкциялоого- 50,0 миӊ сом;
Ленин көчөсү менен Кушбаков көчөсүнүн кесилишкен жеринен Ош көчөсүнө латок коюуга - 756,3 миӊ сом;
Кара-Суу РМАнын алдындагы 2 фонтандын ремонттоо иштерине - 300,0 миӊ сом;
Юбилейный кичи шаарчасындагы №10 көп кабаттуу көп батирлүү турак үйдүн алдындагы суу өтүүчү арыкты реаблитациялоого 377,6 миӊ сом;
Ленин көчөсү Х.Юлдашев көчөсү менен кесилишкен жериндеги темир панонун жанындагы тротуарга брусчатка басып, арыкка латок коюуга - 200,0 миӊ сом;
Ленин көчөсү МЭЗ көчөсү менен кесилишкен жериндеги Халык банктын алдынан Бакиев көчөсүнө чейин латок коюуга - 200,0 миӊ сом;
Ош көчөсүндөгү жыгач столбаларды алмаштырууга- 200,0 миӊ сом;
Шаар ичинен өткөн 6 км сел өткөрүүчү каналды тазалоого - 200,0 миӊ сом;
К.Рахимов атындагы мектебинин аймагына өрткө каршы суу көлмөгүн курууга - 200,0 миӊ сом;
№2,3,4 бала бакчаларынын аймагына өрткө каршы суу көлмөгүн курууга - 200,0 миӊ сом;
Шаар мэриясынын ажатканасын ремонттоого - 100,0 миӊ сом;
Балдар спорт мектебинин күн батыш жагына тосмо коюуга - 200,0 миӊ сом;
Токтогул көчөсү менен Навои көчөсүнүн кесилишкен жериндеги Почтанын имаратын ремонттоого - 100,0 миӊ сом;
Ж.Аматов көчөсүндөгү №2-4-6 көп кабаттуу үйлөргө жаӊы ажаткана курууга - 700,0 миӊ сом;
Ж.Аматов көчөсүндөгү №2-4-6 көп кабаттуу үйлөрдүн алды жагынан 360 метр кабель тартып, түнкү 12 даана жарыткыч коюуга - 50,0 миӊ сом;
Киров көчөсүнө Ош шаарынан киреберишиндеги Ленин көчөсү менен Б.Сыдыков көчөсүнүн кесилишкен жерине чейин түнкү жарыткыч коюуга- 729,0 миӊ сом;
Шаардын айлампа жолуна разметка зебра жана жол белгилерин сызуу жана жолбелгилерин алууга- 300,0 миӊ сом;
Кара-Суу шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына АПУ, ПСД даярдоо кызматына - 300,0 миӊ сом;
Ж.Бөкөнбаев эс алуу багын көрктөндүрүүгө - 2000,0 миӊ сом;
Ош – Кара-Суу жолуна Кара-Суу шаарынын киреберишине стелл коюуга - 500,0 миӊ сом;
Газпром балдардын ден соолугун чыӊдоо борборун утурумдук ремонттоого - 100,0 миӊ сом;
Нариман көчөсүнө жалпы асфальт төшөөгө - 810,0 миӊ сом;
Кара-Суу шаарынын кире беришине Киров көчөсүн балдар ооруканасынын тушун көркөтөндүрүүгө - 1000,0 миӊ сом
Жалпысы 11273,0 миӊ сом.
6) Коммуналдык тейлөөнүн чыгымдары 15716,7 миӊ сом, анын ичинен айлык акы 816,0 миӊ сом, соцфондко чегерүүлөр 140,7 миӊ сом, субцидиялар 12310,0 миӊ сом, мындан Ак-Мээнет АК,-9100,0 миӊ сом, Кара-Суу Таза-Суу мунуципалдык ишканасына-сууга материалдык жардам 600,0 миӊ сом, кредиттин пайыздык төлөмдөрүн төлөөгө 2400,0 миӊ сом;
7) Спорт жана маданият тармагы 2090,0 миӊ сом.
8) Манас стадионунун чыгымдары 519,0 миӊ сом, анын ичинен айлык акы 191,0 миӊ сом, соцфондко чегерүүлөр 33,0 миӊ сом;
9) Мектепке чейинки мекемелеринин чыгымдары 5693,1 миӊ сом, анын ичинен тамак-аш сатып алууга 4083,0 миӊ сом;
10) Билим берүү мекемелеринин чыгымдары 6042,1 миӊ сом;
11) Социалдык коргоо тармагы 2018,4 миӊ сом
8. Кара - Суу шаар мэриясы 2020–жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууда төмөндөгүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгерде бул шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдо бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүүлөргө;
- керектүү учурларда бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу акча каражатын шаардык кенеште каралганга чейин шаардык Кеӊешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетүүгө;
- кирешелердин болжолдонгон кирешелеринин ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен шаардын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- тиешелүү органдар тарабынан кабыл алган ченемдик актыларды кабыл алуудан келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө;
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011–жылдын 30– декабрындагы №767 жана 2006–жылдын 18-сентябрындагы №672 токтомдоруна ылайык менчик жеӊил автоуналарын кызматтык максаттарга пайдалангандыгы үчүн шаардын вице - мэрине сметада каралган күйүүчү майларды жана автооӊдоого кетүүчү чыгымдарга каражат бөлүп берилсин.
10. Ушул токтом 2020-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин, бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Х.Хатамов |