Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 27-декабры № 11/4
Кара-Суу шаарындагы көчөлөрдү иретке келтирүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы №621 сандуу катын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине карата Кара-Суу шаарынын чыгыш тарабындагы Набережная, Дружба, Ч.Төлөбердиев көчөлөрүндө кожолуктардын аздыгына жана мамкаттоо башкармалыгынын картасында жок болгондугуна байланыштуу Дружба, Набережная көчөсү 14 кожолук, Ч.Төлөбердиев көчөсүндө 4 кожолук З.Космедемьянская көчөсүнө кошулуп иретке келтирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Х.Хатамов |