Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 - жылдын 27-декабры № 11/8
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кара-Суу шаар мэриясынын ортосунда түзүлгөн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2019-жылдын 19-декабрындагы №717 сандуу катын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кара-Суу шаар мэриясынын ортосунда түзүлгөн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишими бекитилсин.
2. Берилген ыйгарым укуктарды кызматка кабыл алуу жана кызматтан четтетүү укугу, шаар мэриясынын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Келишимдин мөөнөтү 2 (эки) жылга белгиленсин. Жумуштун жүрүшүнө карап мөөнөтүн узартуу каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеӊешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык
кеӊешинин төрагасы Р.Х.Хатамов
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим
1.Келишимдин тараптары
1.1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин (мындан ары-ЭСӨМ) Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, мындан ары “мамлекеттик орган”, бир тарабынан начальник Э.Ахмедовдун атынан ЭСӨМдүн 2018-жылдын 3-августундагы №43 буйругу менен бекитилген ЭСӨМдүн Аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде иштеген жана айыл өкмөтү, мындан ары “жергиликтүү башкарууну аткаруучу органы” экинчи тараптан ” К.Козубаев (фамилиясы, аты, атасынын аты) № 1 Жобонун (же Жарлык) негизинде иштеген, башка жагынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, ушул келишимди түзүштү:
2.Келишимдин предмети
2.1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ЭСӨМдүн Кара-Суу райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы Кара-Суу шаарына төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды сунуштайт:
2.1.1. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды аныктоо боюнча төмөндөгү алынган маалыматтарды карап жана иштеп чыгуу:
-жарандардын жана уюмдардын оозеки же кат түрүндөгү кайрылуулары;
- массалык маалымат каражаттарынан;
- аймактык мамлекеттик органдардан;
- ведомстволор аралык рейддер, акция, калк менен кезигишүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча;
2.1.2. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын муктаждыгын баалоо менен:
-турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын базасын жана тизмесин түзүү;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын жашоо-шартын карап чыгуу;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун түзүү;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын баалоо:
-турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын бардык жактан кайталап баалоо;
2.1.3. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык жактан коштоо:
-жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыз жана каттарын карап чыгуу;
-турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү;
-үй бүлөлөр менен жекече иштөө планын ишке ашыруу;
-баланы коргоо боюнча жекече иштөө планын ишке ашыруу:
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдарды социалдык коштоо
3. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө укуктары жана милдеттери
3.1.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды, ошондой эле ага керектелүүчү материалдык, каржылык ж.б. каражаттарды өз убагында берилишин көзөмөлдөө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компентециясы жаатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары тарабынан кетирилген бузууларды четтөө боюнча жазуу жүзүндө билдирүү берүү;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга байланыштуу маалымат, материалдарды, документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жыйынтыктары жана материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды колдонуу жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга отчет берүүнүн формасын бекитүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды камсыз кылуусун көзөмөлдөө;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы боюнча белгиленген тартипте жаза-чара колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу же/жана бир тараптуу баш тартууга.
3.2.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эмгек жана социалдык өнүгүү башкаруусу төмөндөгүдөй компепетенцияларга милдеттүү: -
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоо үчүн материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды толук көлөмдө жана өз убагында берүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга усулдук, уюштуруучулук, консультациялык ж.б. жардам берүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарды керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыз кылууга ;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылына экиден кем эмес окууларды өткөрүү; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык каржылык ж.б. каражаттарды максаттуу пайдаланышына көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;
4. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери
4.1. Кара-Суу шаар мэриясы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
-мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген үчүн материалдык, финансылык ж.б. ресурстарды толук кандуу жана өз убагында талап кылууга;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан усулдук, уюштуруучулук, кеӊеш берүү ж.б. керектүү укуктук, техникалык ж.б. документтер менен камсыз болууга. -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтер болсо, соттук негизде мамлекеттик органдар кат жүзүндө кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимде бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу же/жана бир тараптуу баш тартууга
4.2. Кара-Суу шаар мэриясы мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына жана келишимге ылайык ишке ашырууга;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү камсыз кылуу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды толук жана өз убагында берүүнү камсыз кылууга;
- берилген материалдык, каржылык жана башка ресурстарды пайдаланууну тосколдуксуз текшерүү жүргүзүү үчүн шарт түзүп берүүгө;
- мамлекеттик орган тарабынан квалификациясын жогорулатуу үчүн өткөрүлгөн окууларга жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адистердин катышуусун камсыз кылууга;
- мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды мыйзам чегинде көрүүгө;
- ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашыруунун натыйжалары тууралуу мамлекеттик органга квартал сайын, жылдын аягында отчет берүүгө;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашырууга бөлүнгөн каржылык каражаттардын пайдаланышы жөнүндө квартал сайын, жылдын аягында каржылык отчет берүүгө;
-мөөнөтүнөн мурда берилген мамлекеттик ыйгарым укук токтотулган учурда мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка пайдаланылбаган ресурстарды кайрадан артка кайтарууга;
5. Кара-Суу шаар мэриясына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат.
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү аткарган жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адисинин укугу жана милдеттерри 1-тиркемеге ылайык ишке ашат.
5.4.ЭСӨМ Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы коррупциялык факты байкалганда ошондой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагында милдеттерин одоно бузган учурларда адис тарабынан зарыл чараларды кабыл алуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органга сунуш киргизет.
6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө Кара-Суу шаар мэриясынын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Кара-Суу шаар мэриясына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
Ушул келишимдин 9.2. пунктунда мөөнөтү аныкталган, көрсөтүлгөн трансферттердин (субвенциялардын) көлөмү ушул келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.
6.3. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражаттары жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө берилет жана келерки жылдын каржылыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаларынын түзүмүндө чагылуусу керек.
6.4. трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органжын адисинин эмгек акысы;
-берилген ишти бүтүрүүгө кеткен чыгымдар: командировкалык чыгым, окууга кеткен чыгым, канцелярдык товар жана байланыш кызматы;
6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар мамлекеттик органы тарабынан Кара-Суу шаар мэриясына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.
6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишин (жабдуулар, обөекттер, техника ж.б.) жүргүзүүгө бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин алар өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана Кара-Суу шаар мэриясынын өкүлдөрүнөн тең укуктуулуктун негизинде түзүлөт.
6.7. Кара-Суу шаар мэриясына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6.8. Кара-Суу шаар мэриясына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6.9. Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Кара-Суу шаар мэриясынын штаттык санынын ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде чагылдырылууга тийиш.
7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча Кара-Суу шаар мэриясынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Кара-Суу шаар мэриясы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:
- ай сайын 5инен кечиктирбестен,квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчету;
- квартал сайын 5инен кечиктирбестен (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.
8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөөнүн тартиби
8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө (мындан ары - көзөмөлдөө) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
8.2. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү:
- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;
- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.
- ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштамаларды берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.
9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби
9.1. Келишим Кара-Суу шаардык кеӊеш менен бекитилүүгө тийиш
9.2.Бул келишимдин мөөнөтү кол койгондон баштап 3 жыл ичи болуусу керек.
Эгерде бир да тарап келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин келишимди токтоуу жөнүндө өз оюн билдирбесе, анда автоматтык түрдө келишимдин мөөнөтү ошол эле мөөнөттө, ошол эле шартта узартылат.
9.3.Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү.
10.Келишимди өзгөртүү шарттары
10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.
10.2. Кара-Суу шаардык Кеӊештин бекитилген чечимин эске алуу менен келишимге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизилет.
11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби
11.1. Кара-Суу шаар мэриясында мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруусу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам күчүнө киргенде;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын камсыздоодо кийинки жылга республикалык бюджеттин трансферттери жок болсо;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашырылышы үчүн укуктук ченемдик актылар кабыл алынса;
- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынса (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);
келишим "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан учурда (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).
11.2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы же Кара-Суу шаар мэриясынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
11.3. Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :
- ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн материалдык, каржылык жана башка каражаттарды камсыздоо мүмкүн болбогондо;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоо, Кара-Суу шаар мэриясынын көз каранды эмес себептери;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.4. . ЭСӨМдүн Кара-Суу райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :
- . ЭСӨМдүн Кара-Суу райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашыруу максатсыз деп табылганда;
- Кара-Суу шаар мэриясы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;
-мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын өзгөртүүдө укуктук ченемдик актыларды кабыл алынышы;
11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.
11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.
11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн Кара-Суу шаар мэриясына бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайтарылууга тийиш.
11.9. Мыйзамда же келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо токтотулган учурда, Кара-Суу шаар мэриясы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтото турууга укуктуу, ал жөнүндө беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кабарлайт.
11.10. Кара-Суу шаар мэриясы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан аткарылууга тийиш.
11.11. Кара-Суу шаар мэриясына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими Кара-Суу Шаардык кеӊешинин токтому менен бекитилет
12. Тараптардын жоопкерчилиги
2.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.2. Шаардын мэри берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Талаштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.
14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары
1. Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы | 1. Э.Ахмедов |
2. Кара-Суу шаарынын мэри | 2. К.К.Козубаев |
|
|