Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 27-декабры № 11/9
Кара-Суу шаарындагы Ж.Аматов көчөсүндөгү №8а, №8б көп кабаттуу үйлөрүнөн чыккан чыгынды сууларды ташып чыгууну уюштуруу боюнча
Кара-Суу шаарындагы Ж.Аматов көчөсүндөгү №8а, №8б көп кабаттуу үйлөрүнөн чыккан чыгынды сууларды ташып чыгуу маселесин карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы Ж.Аматов көчөсүндөгү №8а, №8б көп кабаттуу үйлөрүнөн чыккан чыгынды сууларды ташып чыгуу милдети 2020-жылдын 1-февралынан тартып Кара-Суу Таза-Суу муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кара-Суу Таза-Суу муниципалдык ишканасына, көзөмөлдөө шаардык кеӊешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Х.Хатамов |