Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 27-декабры №11/10
Кара-Суу шаарынын 2019-жылга кабыл алынган бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүмдөр арасына которуу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2019-жылдын 29-ноябрындагы №670 сандуу билдирүүсүн карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 70629 бөлүмүнүн 2215 статьясындагы 562 миӊ сом, 311 статьясынан 500 миӊ сом эконом болгон сумманы ММБ департаментинин айлык акы айлык акы статьясына 316 миӊ сом, 70921 бөлүмдүн 2231 статьясына 250 миӊ сомун, 70111 бөлүмүнүн 221 статьясына 246 миӊ сом, 70825 бөлүмүнөн аймактык тескөөчүлөргө күйүүчү майлоочу майларга бөлүнгөн 50 миӊ сом акча каражатын 7011 бөлүмүнүн 221 статьясына, калган 250,0 миӊ сомду 70825 статьясына, сметада көрсөтүлгөн мектеп мугалимдеринин коммуналдык кызматына компенсациясын төлөө үчүн кайрадан 71092 бөлүмүнө 402 миӊ сом өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Х.Хатамов |