Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 17-июну № 19/2
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2019- жылга бекитилген бюджетинин 2019-жылдын 1–жарым жылдыгынын аткарылышынын абалы жөнүндө
«Кара-Кочкор айыл окмотунун 2019-жылга бекитилген бюджетинин 2019-жылдын 1–жарым жылдыгынын аткарылышынын абалы жонундогу» Кара-Кочкор айыл окмотунун финансы–экономика болумунун башчысы К. Ибраимовдун маалыматын,Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын киреше болугу 6008,5 мин сомго ,чыгаша бөлүгү 5127,3 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин
2. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө тиешелуу уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүн көлөмдөрүнүн, баалардын денгээлдеринин, инфляциянын денгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык округдук Кенештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий, билим беруу, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муиципалдык менчик ,маалымдуулук ,жаштардын иштери , социалдык – экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы И. Курманбаевге) жана айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылсын
Төрага | Э.Жакеев |