Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/2
Айыл окмотунун аймагындагы мектептерде жана балдар бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге жана балдар бакчаларына келген тамак–аштын сапаты жөнүндөгү жана кайсыл жерден алынгандыгы тастыкталган документтери, протоколдору ачык көрсөтүлүп жазылсын жана окуучуларга, балдар бакчаларына алынып келинген булочка, печенье, май, сут жана башка тамак- аш азыктарынын сапаты жөнүндө документти толуктоо жагы мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына милдеттендирилсин.
2. Мектеп директорлору жана балдар бакчалардын башчылары:
-ата – энелер комитеттери менен биргеликте мектептерге жана балдар бакчаларына беруу учун алынып келинген азык – түлүктөрдүн проба алып коюуну уюштурушсун жана сапатсыз алынып келинген азык – түлүктөр үчүн өздөрүнө тагылган ыйгарым укуктардын чегинде кескин чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Кара – Кочкор айылдык округунун кенешинин агрардык, азык–тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрага Т. Орозов ) жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага | Э.Жакеев |