Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 –жылдын 10-декабры № 20/5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын өткөрүп берүүчү айрым ыйгарым укуктарды Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө
Кара – Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын өткөрүп берүүчү айрым ыйгарым укуктарды Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү боюнча келишими бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн өткөрүп берүүчү айрым ыйгарым укуктарды, ЖААКтын жана паспорт бөлүмүнүн иштерин аткаруу жагы Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн Аскер кызматынын инспектору, муниципалдык кызматкер Асылбеков Мамытбек Дүконбаевичке жүктөлсүн.
3. “Таза коом” маалыматтык күркөсү үчүн атайын жабдылган бөлмө менен ( терезе , эшиктери темир тосмолонгон) камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго сунушталсын .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара- Кочкор айылдык округунун кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Төрага | Э.Жакеев |