Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 –жылдын 25-декабры № 21/1
Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджети 2020-2021-жылдардагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кара–Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара–Кочкор айыл окмотунун 2020-жылдын киреше жана чыгаша болугунун долбоору жергиликтуу бюджетинен 12853,5 мин сомго, 2021- жылдын киреше жана чыгаша болугунун долбоору жергиликтуу бюджетинен 12853,5 мин сомго бекитилсин
2. Эмгек акыга төлөөлөр, соцфондко чегерүүлөр жана электр энергиясына жылуулук учун кеткен чыгымдарды толугу менен тендештирүү грантынын эсебинен төлөнүп берүү жагы К.Р.Ф.М. казыналык бөлүмүнүн Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий, билим беруу, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (торагасы И. Курманбаев) жана айыл өкмөтүнүн башчысы К. Асановго тапшырылсын
Төрага | Э.Жакеев |