Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 27- декабры № 107
Ийри Суу айыл өкмөтүнүн 2019 –жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2020 жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жонундо
Ийри Суу айыл өкмөтүнүн 2019 –жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2020 жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2021-2022-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 11548,8 (он бир миллион беш жүз кырк сегиз мин сегиз жүз )сом жана чыгаша бөлүгү 11048,8 (он бир миллион кырк сегиз мин сегиз жүз) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 9653,5(тогуз миллион алты жүз элүү үч мин беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. 2020-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин: а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан -85% пайыз өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдүн-айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүндө -100% пайыз өлчөмүндө;
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалануу кендери: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялитти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине 50% пайыз өлчөмүндө;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке -100% пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
5. Жергиликтүү салыктардын жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин, кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
6. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2019-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алган Мыйзам менен бекитилген 2020-2022-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 1% пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнө 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия. көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
9. Айыл өкмөтүнүн бюджеттинен жана теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чыгашаларды каржылоого багытталсын.
10. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность)айыл өкмөтүнүн бюджетти боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2021-жылдын 1-январына карата 5000(беш мин)сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Республикалык бюджеттен тенөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөттөрү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
12. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
13 .Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
14. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
15. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Курманбеков |