Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 27- декабры № 109
Кыргызстан айылындагы таза суусуну жеке менчик чыгарып алган түтүкчөлөрүнүн төлөмүн бекитип берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин ( VI чакырылышындагы ) кезектеги ХVIII- сессиясынын күн тартибиндеги маселе Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү ИСКАКБ жетекчиси А. Макешовдун Кыргызстан айылындагы таза суусуну жеке менчик чыгарып алган түтүкчөлөрүнүн төлөмүн бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргызстан айылындагы таза суусуну жеке менчик чыгарып алган түтүкчөлөрүнүн төлөмү 2020- жылдын 1- январынан тартып 2020- жылдын 1 апрель айына чейин ай сайын 200 ( эки жүз ) сомдон төлөмү төлөнсүн.
2.Токтомду аткаруу жагы ИСКАКБнын жетекчиси Макешовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин Финансы, бюджет, экономика боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мусаевке жүктөлсүн.
Төрага | С.Курманбеков |