Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 110
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан жарандардын турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VI- шайланган) кезектеги ХVIII - сессиясынын күн тартибиндеги элдин арызын кароо маселеинин негизинде Кыргызстан айылынын тургуну Айдарова Жамиланын, Корс-Этти айылынын тургундары Жусупов Мамасейиттин,Таштанкулов Змирдин жашап жаткан турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бү ткөрү ү боюнча маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Айыл аймагындагы калктуу пункутта жашап жаткан Кыргызстан айылынын тургуну Айдарова Жамиланын, Корс-Этти айылынын тургундары Жусупов Мамасейиттин, Таштанкулов Замирдин жашап жаткан турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бекитип берүү жагы суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н. Маматовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Курманбеков |