Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27- декабры № 113
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ийри-Суу айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдеттине өкмөттүн жоопту катчысы Абдыразакова Гульшат Абдалимовнага бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тиленбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Курманбеков |