Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-октябры № 16/1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме уюмдардын 2019-2020-жылдардын күз- кыш мезгилине даярдык абалы жонундо
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 16-сессиясынын (6- чакырылыш) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме уюмдардын 2019-2020-жылдардын күз- кыш мезгилине даярдык абалы талапка ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2.Айыл башчылары (С.Асамидинов,Б.Ыбышов), айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы (М.Акматов) жана айыл өкмөтүнө караштуу мекеме уюмдун жетекчилери :
- электр энергиясы боюнча керектөөнүн белгиленген лимитин сактоону жана отундун зарыл болгон запасын камсыздоону аякташсын;
-көмүрдү камсыз кылуучулар менен түзүлгөн жана тиешелүү түрдө таризделген
келишимдердин негизинде мекемелерди камсыздоону аягына чыгарышсын ;
- мектептерди айрым жетишпеген электр жабдуулары менен тез аранын ичинде камсыздашсын;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Жунусовго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Абдикеримов |