Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 17/3
Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 05.12.2019-жылдагы 11-1937-19 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жана ээлеген адамдардын кирешеле-рин,чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Мыйзамынын аткарылышы боюнча сунушун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин,чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык ,ушул Мыйзамдын колдонулушу саясий,атайын мамлекеттик орундарын ээлеп турган адамдарга,ошондой эле саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматкерлерине жайылтылышы көрсөтүлгөндүгү маалымдалып жана айылдык Кеңештин депутаттары саясий мунуципалдык кызмат орундарына кириши белгиленип,айылдык Кеңештин депутаты Э.Муратов 2018-жыл үчүн кирешелери жөнүндө дек- ларациясында кыймылсыз мүлктөрү толук көрсөтүлбөгөндүктөрү аныкталды.Аталган айылдык Кеңештин депутаты тарабынан “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин,чыгымдарын, милдет -тенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жонундо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн декларацияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган жана декларантка жана жакын туугандарына менчик укугуна таандык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүүлөрү талаптары одоно түрдө бузулгандыгын белгилегендиги жөнүндөгү Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 05.12.2019-жылдагы 11-1937-19 ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгө сунушун талкуулап Ой-Тал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин,чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарын аткарууну айылдык Кеңештин депутаты Э.Муратов эске алсын.
2. Өзүнүн жана жакын туугандарынын менчик укугуна таандык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарын декларацияда толук көрсөтүү айылдык Кеңештин депутаттарына (декларантка) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Абдикеримов |