Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 17/ 4
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлерден алынуучу салыктын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын (6- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасыгынын “Салык Кодексинин 377-статьясынын 6-пунктунун жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн аймагындагы үлүшкө берилген айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу салыктын өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Чөп орунду 1 гектар сугат жер үчүн - 177 сом
1 гектар кайрак айдоо - 60 сом
1 гектар чөп орунду - 50 сом
2. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы үлүшкө берилген айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу салыктын өлчөмү жаны бекитилген өлчөмдө 2020-жылдын 1- мартынан баштап алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Осмоновго жана тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин социалдык маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризм, саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик,маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык–экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Абдикеримов |