Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-сентябры № 78
Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин, кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү аукциондорун өткөрүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүндө айыл чарба жерин кайра болуштуруу фондунун жерлери суулууда 51 га, кайракта 300 га, бак 7 га болуп, бул жерлерди 2015-жылда 5-жыл мөөнөткө ижарага аукцион аркылуу жана түз келишим менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген 2019-жылдын октябрына ижара мөөнөтү аякталат
Гулистан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобосу негизинде айыл өкмөтү айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондусунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукциондор өткөрүү боюнча жер комиссиясынын түзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМЫН
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 571 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 243 токтому бекитилген жана кийинки толуктоолор, өзгөртүүлөр менен толукталган жер комиссиясынын типтүү жобосун негизинде төмөндөгү курамда жер комиссиясы түзүлсүн.
1. Т.Тойчиев- Гулистан айыл кеңешинин депутатты, жер комиссиясынын төрагасы (макулдугу менен)
2. А.Таштемиров – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, жер комиссиясынын катчысы.
Мүчөлөрү:
3. Э.Шаназаров – Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы
4. И.Айбашов –Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
5. У.Мирзакулов –Гулистан айыл кеңешинин депутаты, (макулдугу менен)
6. А.Халмуратов - Гулистан айыл кеңешинин депутаты, (макулдугу менен)
7. А.Эркабаев – айыл өкмөтүнүн юристи
8. С.Алимжанов – айыл өкмөтүнүн айыл башчысы
9. Г.Раимбердиева - айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башчысы.
10. А.Тажимаматов – Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл чарба тармагы боюнча башкы адиси.
11. К.Эргашов – коомчулукту өкүлү.
2. Жер комиссиясы: Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде иш жүргүзсүн.
3. Жер комиссияны курамын жана иш регламентин бекитип берүү жагын Гулистан айыл кеңешине сунушталсын . ( Жер комиссиясынын иш регламенти тиркелет)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы | Э. Шаназаров |
РЕГЛАМЕНТИ
Гулистан айыл Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы
№ХХII-2 токтому менен бекитилген
Ош облусундагы Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
Жалпы жоболор
Жер комиссиясын түзүү бекитүү тартиби.
Жер комиссиясынын кызматтары.
Жер комиссиясынын отрумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби.
Жер комиссиясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүдө коомдук угууну өткүрүү, анын натыйжасында кызматта-шуусу.
Тооруктарды (аукцион жана конкурс) түз сатууларды өткөрүүнүн жалпы эрежелери.
Аукцион. Аукцион өткөрүүнүн тартиби, (тиешелүү эрежелер,).
Конкурс. Конкурс өткөрүүнүн тартиби, (тиешелүү эрежелер,).
Түз сатуу. Жер участокко укукту туз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби, (тиешелүү эрежелер,)
1. Жалпы жоболор
1.1. Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча жер комиссиясы өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Жер КОДЕКСине, Кыргыз Республикасынын Граждандык КОДЕКСине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-ж 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген жана кийинки толуктоолор,өзгөртүүлөр менен толукталган ТИПТҮҮ ЖОБОго, ушул Регламентке ылайык ишке ашырат.
Жер комиссиясын түзүү, бекитүү тартиби
2.1. Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнү ишке ашыруу үчүн, муниципалдык жер участокторго укуктарды берүү боюнча жер комиссия (мындан ары – жер комиссия) түзүлөт.
Жер комиссиянын курамына Айыл Кеңештин Депутаттарынан, Айыл Өкмөтүнүн өкүлдөрү, архитектура жана курулуш, мамлекеттик катто мамлекеттик органдардан сунуш кылынган адистери, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
Жер комиссиянын курамын айыл өкмөтүнүн сунушу менен Айыл Кеңеш бекитет.
Жер комиссиясынын кызматтары.
3.1. Жер комиссиясы төмөнкү кызматтарды аткарат;
жер участокко менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;
жер участокко укуктун (менчик, ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт;
аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө),
конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;
сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер участоктун старттык баасын белгилейт;
тооруктун жыйынтыгын аныктайт;
жер участокко укук берүүгө байланышкан башка маселелерди жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.
Жер комиссиясынын отрумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби, жер комиссиянын чечимдерди кабыл алуусунун жол жобосу
4.1. Жер комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
4.2. Жер комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү, жана тооруктун жеңүүчүсү да кол коюшат.
Жер комиссиясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүдө коомдук угууну өткүрүү, анын натыйжасында кызматашуусу
Тарыхий жана маданий мурас, ошол эле учурда турак жай зонасындагы түзүлдү деп эсептелген жер участокко укук берилип жатканда коомдук угуунун өтүүсүнөн кийин жер участоктун планын ага тиркелген баардык материалдарды айыл өкмөттөн, жер комиссиясы алгандан кийин 3 (үч) иш күндүн ичинде карайт.
Жер комиссия жер участокту торукка коюу же туз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алса, төмөнкүлөрдү аныктайт:
жер участокко берилип жаткан укуктун түрү (менчик, ижара),
жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы (аукцион, конкурс, түз сатуу),
жер участоктун старттык баасы,
гарантиялык акынын өлчөмү, тоорукка катышуучулар аны төгүүчү мөөнөт жана тартиби,
аукциондук кадам (аукцион өткөрүлгөн учурда) же
конкурстун шарттары (конкурс өткөрүлсө).
тоорук же түз сатуу өткөрүлгөндө тооруктун ар бир предмети боюнча старттык бааны жер комиссия көз каранды эмес баалоочулардын корутундусунун неги-зинде белгилейт.
Жер комиссиянын жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет.
Тооруктарды (аукцион жана конкурс) түз сатууларды өткөрүүнүн жалпы эрежелери
Жер комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо – аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.
Тооруктан баш тартылган учурда айыл өкмөтү ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда жер комиссия коюлуп жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
Аукцион. Аукцион өткөрүүнүн тартиби, (тиешелүү эрежелер,)
Аукцуионду муниципалдык жер участокторго укуктарды берүүчү жер комиссия дайындоочу АУКЦИОНЧУ өткөрөт.
Аукциондун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, аукциондун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
Аукцион өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана аукциондун жеңүүчүсү өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар киргизилиши караштырылат:
– аукциондун предмети болгон лоттун номери жана жер участоктун маалыматтары (турган ордун, аянты);
– ауциондун жеңүүчүсүнүн аты-жөнү же аталышы;
– аукциондун предметинин старттык жана акыркы баасы;
– тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери;
– ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
7.5. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун копиясы кол коюлган күндөн кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында көрүнөө жерге илинет.
Аукциондо уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана аукциондогу лоттун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат.
Аукциондун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса гарантиялык акыны (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө, ошондой эле аукциондун лотунда уткан жакка аукционго катышуудан болгон чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
Эгер аукциондун лотунда жеңүүчү деп таанылган аукциондун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.
Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган аукциондун жеңүүчүсү менен жер участокту сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт.
Конкурс. Конкурс өткөрүүнүн тартиби, (тиешелүү эрежелер,)
Муниципалдык жерге укуктарды берүү боюнча жер комиссия,-
Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачылат.
Жер комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баа-лоого киришет.
Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат.
Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон өзгөчө учурларда комиссия конкурсту өткөрүү мөөнөтүн үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартса болот, ал жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылып, комиссиянын мүчөлөрү жана комиссиянын жыйынына катышып отурган конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуу-чуларына сунуш-талып жаткан жер участоктун баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт.
Жер комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.
Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында жер комиссия баарынан артык сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
Конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага комиссия-нын жыйынына катышкан жер комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү конкурстун өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар киргизилиши караштырылат:
– конкурстун предмети болгон лоттун номери жана жер участоктун маалыматтары (турган ордун, аянты);
– конкурстун жеңүүчүсүнүн аты-жөнү же аталышы;
– конкурстун предметинин старттык жана акыркы баасы;
– тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери;
– ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун копиясы кол коюлган күндөн кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында көрүнөө жерге илинет.
Конкурста уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү конкурска катышуу укугунан ажыратылат.
Конкурсту уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса гарантиялык акыны (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө, ошондой эле конкурста уткан жакка катышуудан болгон чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
Эгер конкурста жеңүүчү деп таанылган конкурстун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана конкурстун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү конкурска катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра торук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.
Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган конкурстун жеңүүчүсү менен жер участокту сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт.
Түз сатуу. Жер участокко укукту туз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби, (тиешелүү эрежелер,)
Муниципалдык жерге укуктарды берүү боюнча жер комиссия,-
Түз сатууну жер комиссия жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алынган убактан тартып 15 (он беш) иш күндүн ичинде өткөрөт.
Эскертүү:
Айыл окмөтү,- Жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап 3 иш күндүн ичинде, ушул жер участокко берилип жаткан укуктун түрү менчик, ижара, жер участоктун старттык баасы, арыз ээсине түз сатуу өткөрүлчү күн жана орду жөнүндө кабарлоого жана ага информациялык пакетти жиберүүгө милдеттүү.
Талапкер,- Арыз ээси жер участокту алуудан сүйлөшүүнүн кайсы стадиясында болсо да баш тартууга укуктуу.
Түз сатууну жер комиссия арыз ээси менен берилчү жер участоктун баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат.
Сүйлөшүү процесинин жүрүшүндө жер комиссия жер участоктун баасын баалоо наркынын 20 процентинин чегинде кымбаттатууга же арзандатууга укуктуу.
Түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчөлөрү жер участокту түз сатуу жолу менен сатып алган сатып алуучу, түз сатуу өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар киргизилиши караштырылат:
-түз сатуунун предмети болгон жер участоктун маалыматтары (турган ордун, аянт);
-түз сатуунун жер участокту түз сатып алгандын аты-жөнү же аталышы;
-түз сатуунун предметинин старттык жана акыркы баасы;
-тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча
милдеттенмелери;
-ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун копиясы кол коюлган күндөн кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында көрүнөө жерге илинет.
Туз сатуучунун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса түз сатууга катышуудан болгон чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
Түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган жер участоктун түз сатып алуучусу менен жер участокту сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт.
Төрага |
И.Ташматов |