Редакцияот 10.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХII-сессиясы

 

2019-жылдын 10-октябры № XХII-4

Гулистан айыл аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерден пайдалануунун абалы жөнүндө

Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда Гулистан айыл аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерден пайдалануунун абалы жөнүндөгү маселени карап чыкты. Калктуу конуштардын ичинде дыйкан чарбалардын балансында болгон айыл чарба багытында эмес жер аянттары мыйзамсыз түрдө пайдаланып жаткандыгы аныкталган. Мындан тышкары ишкерлер тарабынан ишкердик чөйрөсүн жүргүзүү боюнча сатып алынган жерлердин пайдалануу багыты мыйзамсыз түрдө өзгөтүрүлүп жеке менчик турак жай куруу үчүн өткөрүп берилген учурлар аныкталган. Гулисатн айыл аймагындагы калктын саны 2019-жылдын 1-январына карата 20 миңден ашкан. Элибизге соиалдык-маданий кызмат көрсөтүүгө ушул жерлерден паайдалануубуз керек. Атап айтканда мектеп, балдар бакчалары сыяктуу объектитерди курууга жер жок болуп калууда. Күн тартибиндееги маселени көрүп чыгып жана талкуулап айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссясынын айыл аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерден пайдаланууну жонго салуу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.

2. Гулиста айыл өкмөтүнүн аййыл чарба тармагы боюнча башкы адис А.Тажимаматовго

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде иш алып баруу тапшырылсын

3. Ишкердик максатында сатып алынган айыл чарба багытында эмес жерлерди багытын өзгөртүп, турак жай куруга өткөрүп берүүгө тыю салынсын

4. Калктуу конуштардын ичиндеги дыйкан чарбалардын балансында болгон айыл чарба багытында эмес жерлерди социалдык объекттерди куруу максатында мунтципалдык менчикке өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды коруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссясына тапшырылсын.

 

Төрага

И.Ташматов