Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 23-декабры № XXIII -6
Айыл аймагында социалдык маанидеги маселелерди чечүү максатында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди бекитип берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгү министрлигинин Ноокат райондук бөлүмү тарабынан Гулистан айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин мазмуну менен таанышып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагында социалдык маанидеги маселелерди чечүү максатында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айыл кенешинин төрагасы И. Ташматов