Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № XXIII -8
Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2019-жылдагы аткарган иштери жана 2020-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын” негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2019-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти 410 миң сом болсо, аткарылганы 281 миң сомду түзгөн, башкача айтканда бюджет 68,5% га аткарылган. Айыл Өкмөтү жайыт комитетинин 2019-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү кириткен. Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери кемчиликтери менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга бюджети бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2020-жылда жайыт инфраструктурасын өңдөө боюнча аткара турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019 -жылдын 20-декабрындагы № 6-протоколу бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айыл кеңешинин төрагасы: И. Ташматов
Фрунзе айылы 20.12.2019 жыл.
Катышкандар: Жайыт комитетинин мүчөлөрү, жайыт пайдалануучулар.
Чакырылды: Гулистан айылынын айыл башчысы Х.Алимжанов.
Гулистан айыл өкмөтүнүн юристи А.Эркабаев.
Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар ассосиациясынын төрагасы Т.Жолдошев.
Жалпы жыйналыштын төрагасы К. Бөрүбаев.
Жалпы жыйналыштын катчысы Х.Сабиров.
1. Гулистан ЖПБнин 2019-жылда аткарган иштери.
2. Гулистан ЖПБнин ревизиялык комиссиясынын отчёту.
3. Гулистан ЖПБнин 2020-жылга болжолдуу бюджетин бекитүү.
4. Мал-жандыктарга жайыт акы тарифтерин бекитүү жөнүндө.
5. Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору тууралуу маалымат.
Күн тартибиндеги маселе боюнча.
Жайыт комитетинин төрагасы К.Борубаев билдирүү берди. Жайыт комитетинин 2019-жылдагы жалпы бюджети 410 миң сом болуп, аткарылганы 281 мин сомду түзгөн, келишимдин негизинде жана жайыт билеттери боюнча жыйналган акча каражаты 281 миң сом болгон. Жыйналган акча каражатынан 281 миң сом акча каражаты жайыт комитетинин төрагасынын 30 миң сом, эсепчисине 30 миң сом, инспекторуна 20 мин сом эмгек акысына иштетилди.
Салык төлөмдөрүнө 50 миң сом, Соц-фонд төлөмдөрүнө 17 миң сом, канц. товарга 3 миң сом, автотранспортко 4 миң сом иштетилди. Мындан тышкары булактарды оңдоого 3 миң сом, жолдорду оңдоого 6 миң сом. Азыркы мезгилде банкта 5 000,00 сом бар. Мындан тышкары бюджеттин көтөрүлбөй жаткан негизи себеп айыл өкмөт тарабынан жайыттарды инвентаризация кылып комитетке өткөрүп берүүсү керек.
Гулистан жайыт комитетинин эсепчиси Х.Сабиров 2020-жылдагы бюджетин көбөйтүү керек.
Буга биз жайытта толук инвентаризация жүргүзүп жайыт пайдалануучулар менен толук келишим түзүп, жайыт акысын толук өндүрүп алууну максат кылып койдук, 2020-жылга жайыт комитетинин бюджети 260 мин сомду түздү, анын ичинен жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысы, эсепчисинин эмгек акысы 80 мин сом, Соц-фонд төлөмдөрү 14 миң сом, жер салыгы 50 миң сом, жайыт инфракструктурасын оңдоого 16 миң сом акча каражаты каралды.
АРИСтин Ноокат району боюнча ЭПРОсу Р.Сагынбаев мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун максат, милдеттери жана 2016-жылдан бери аткарылган иштери тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары долбоор тарабынан ажыратылган акча каражатынын калган суммасы жана ал акча каражатын кайсы максатта жумшалышын айтып түшүнтүрдү. Айылдык Кеңешинин төрагасы менен биргеликте ар бир айылдарда фокус топторду уюштуруу жана ар бир айылда чогулуштарды өткөрүп, анда көтөрүлүп чыккан көйгөйлөр тууралуу айтып берди.
Мал уурулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана жайыттар боюнча чабандар менен мал уурулуктун алдын алуу боюнча сүйлөшүлдү.
Мал-жандыктарга жайыт акы тарифтери:
Бир баш малга -1айга -20сом.
Бир баш койго -1айга -12сом.
Бир баш эчкиге -1айга -20сом.
Бир баш жылкыга -1айга -20сом.
Бир баш торпокко -1айга -10сом.
Бир баш тайга -1айга -10сом.
Бир баш козуга -1айга -6сом.
Жер салыгы 1 га 12,70-сом.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып талкуулап.
Чечим кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылда аткарылган иштериндеги кемчилдиктерди белгилөө менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылга болжолдуу бюджетин бекитип берүү жагы айылдык кеңешинен суралсын.
3. Гулистан ЖПБ 2020-жылда бир баш карамалга 1айга 20сом, мүзөөлөргө -10 сом, жылкыларга 20сом, койлорго 12сом, козуларга 6 сом сунуш кылынсын.
4. Кышкы тоют үчүн чөп оруп алынуучу жайыт жерлерине түшүмдүүлүгүнө карап 300 сомдон 600 сомго чейин ар бир гектар жер үчүн салык алынсын.
5. Жайыт жерлеринде айдоо жер болсо 1га жерге түшүмдүүлүгүнө карап суулуу жерге 4000 сом кайракка 1000 сом салык алынсын.
6. Жайыт жерлерине салынган үй-жай короо курулмалары үчүн ар бир сотик жер үчүн 50 сомдон салык алынсын.
7. Жайыт комитетинин жайыттарына инфракстуруктурасын оңдоо багытында мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору менен инвестиция тартуу боюнча иш жүргүзүлсүн.
8. ЖПБ чогулушунун чечимдерин бекитип берүү жагы Гулистан айылдык кеңешинен суралсын.
ЖПБ чогулушунун төрагасы: К. Бөрүбаев
ЖПБ чогулушунун катчысы: Х. Сабиров
2020-жыл учун Гулистан айылы Ж.П.Бнын бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү туурасында маалымат.
№ | Мазмуну | Жалпы | Анын ичинен кварталдар менен | |||
|
|
| 1кв | 2кв | 3кв | 4кв |
1 | Жалпы киреше | 260 | 26 | 72 | 75 | 72 |
2 | Жайыт аренда акы | 180 | 26 | 57 | 57 | 40 |
3 | Ж.П.Б.эмгек акысы | 80 | 12 | 25 | 26 | 17 |
4 | Транспорт чыгымы | 4 | 1 | 1 | 1 | 1 |
5 | Канцтоварлар | 2 | 1 | 1 | - | - |
6 | Жайыт салыгы | 50 | - | 10 | 13 | 27 |
7 | Соц.фонд төлөмү | 13,8 | - | 6 | 6 | 1,8 |
8 | Сатуудан түшкөн салык | 7,4 |
| 2 | 2 | 3,4 |
9 | Айыл өкмөтүнө 33% | 81,7 | 7 | 26 | 26 | 22,7 |
10 | Инфраструктура | 6,1 | - | 2 | 2 | 2,1 |
Гулистан жайыт комитетинин төрагасы: К. Бөрүбаев
Гулистан жайыт комитетинин эсепчиси: Х. Сабиров