ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI- шайланган) кезектеги XXIII -сессиясы
2019- жылдын 23-декабры № XXIII-10
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун 2019-жылдагы аткарган иштери жана жаны курамын бекитип берүү жөнүндөгү” № 102 токтомун бекитип берүү тууралу
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамы 2016-жылда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соту жөнүндөгү Мыйзамынын негизинде шайланган. Аксакалдар соту 2019-жылда жарандарды бузулган же талаш тартышка түшкөн укуктарыны мыйзамды кызыкчылыктарын коргоо, мыйзамдуулукту укук бузууларды алдын алуу боюнча биркатар ийгиликтүү иштерди аткарды. Аксакадар соту жөнүндөгү мыйзамынын негизинде курамын мөөнөтү яктагандыгына байланыштуу жер жерлерде айылдарда аксакалдар сотуна мүчө көрсөтүү боюнча жыйналыштар өткөрүлүп,мүчөлөрү шайланды. Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соту жөнүндөгү Мыйзамынын негизинде айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун 2019-жылдагы аткарган иштери жана жаны курамын бекитип берүү жөнүндөгү” № 102 токтомун бекитилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамы төмөнкүчө болуп бекитилсин:
1. Г.Раимбердиева- айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси
2. С.Алимжанов- Гулистан айылынын айыл башчысы
3. Н.Хасанов-ардагер
4. О.Жороев-Бостон мечитинин имамы
5. Д.Иминжанова- аялдар кенешинин төрайымы
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары И.Айбашовго тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |