Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТААЛА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы № 17/1
Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2019-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2020-жылга милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын № 50 “Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын 31-беренесинин 6-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 3-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2020-жылга милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун отчетун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2019-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго:
-айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашырууну камсыз кылсын;
-айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алсын;
-санариптештирүү жылында калкка маалыматтык кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүп, КРӨ токтомуна ылайык өздүгүн тактоочу документтерди электрондук база аркылуу жеринде берүүнү уюштурсун,
-балдар менен иш алып барууга өзгөчө көңүл буруп, ата-энелери миграцияда жүргөн балдардын электрондук базасын түзүп, турмуш шарты оор үй-бүлөөлөр менен жакындан иш алып барууну колго алсын,
-калкты сапаттуу ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жана суу төлөмдөрүн өз убагында төлөөнү уюштурсун,
-суу пайдалануучулар бирикмесинин (СПА) ишин жандандырып, сугат суу менен камсыздоону, атайын техника, копатель алууну уюштурсун,
-таштанды таштоого жана Ылай-Талаа айылынын түштүк тарабындагы мүрзөнү кеңейтүүгө жер маселесин чечүүнү камсыз кылсын,
-жайыттарды, эгин талааларды коргоону, оруп-жыюу маселелерин жөнгө салууну уюштурсун,
- жайлоодон көчүп келүү жагын тартипке салуу, көпүрөлөрдү куруу жана колдонуудагы көпүрөлөрдүн, ички чарбалык жолдордун абалын жакшыртуу, жарыктандыруу сыяктуу маселелерди колго алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |