Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы № 17/4
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин аймагындагы №5017, 5018, 5019, 5466 жана 5540 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине сунуш кылынган талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешине айылдык Кенештин аймагындагы айылдардын элдик жыйындарынан айыл аймагындагы №5017, 5018, 5019, 5466 жана 5540 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдорун карап көрүп, угуп жана талкуулап депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин аймагындагы айылдардын элдик жыйындарынан келип түшкөн протоколдорунда айыл аймагындагы №5017, 5018, 5019, 5466 жана 5540 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине сунушталган талапкерлер бекитилсин.
2. Бул сунушту колдоп берүү жагы Кара-Кулжа райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |