Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТААЛА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги ХVII сессиясынын (VI чакырылыш)
2020-жылдын 13-февралы №17/5
Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ажике жайлоосундагы копкон таштын сазына эмгек ардагери (маркум) Эрмекбаев Майлыбаштын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” Жобону жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын 4,5-бөлүмдөрүнүн жана Шаркыратма айылынын тургундарынын атынан келип түшкөн элдик жыйындарынын протоколдорун карап көрүп, угуп жана талкуулап депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын 4,5-бөлүмдөрүнүн жана Шаркыратма айылынын тургундарынын атынан келип түшкөн элдик жыйындарынын протоколдору бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ажике жайлоосундагы копкон таштын сазыЭрмекбаев Майлыбаш атындагы болуп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев)
Төрага | Н.Жолдошов |