Редакцияот 26.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) он алтынчы сессиясы

 

2019-жылдын 26-октябры № 16-7

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты Калдар уулу Муртаздын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндө

 Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты Калдар уулу Муртаздын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты Калдар уулу Муртаз айылдык кеңештин сессияларына себепсиз катышпай келе жаткандыгына байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине 10-пунктына таянып депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда чакыртылып алынсын.

2. Кийинки талапкерди тактап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

К. Назарбаев