КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 21-декабры № 17-3
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы “Эрнис Маманов” балдар бакчасын бюджетке киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы Э. Маманов атындагы балдар бакчасын бюджетке киргизүү боюнча маселени туруктуу комиссияда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы Э. Маманов атындагы балдар бакчасын бюджетке киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Э.Маманов атындагы балдар бакчасында эмгектенген кызматкерлерди республикалык бюджетке киргизүү, тамак-ашына, жылытуу системасына, электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, тиешелүү органдардан макулдук алуу, турак жай ээси менен келишим түзүү, юридикалык каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |