КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 21-декабры № 17-4
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын , “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү”, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” жоболордун талаптарына ылайык Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын 2019-жылдын 10-декабрындагы № 1 сунуш кылынган протоколундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди сунуш кылган Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын 2019-жылдын 10-декабрындагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Борко айылынын тургуну Назаралиев Мамасали Байматовичтин талапкерлиги сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Нурматовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Назарбаев |