Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты №XXXII-1
Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен
-“Контур Проектстрой” ЖЧКсына-126 200 (бир жүз жыйырма алты миң эки жүз) сом;
-“Грузотрейд” ЖЧКсына-33 283 (отуз үч миң эки жүз сексен үч) сом кредитордук карызына;
-2019-жылда аткарылбай калган иштер үчүн ММДнин кенсе буюмдарына-24 000 (жыйырма төрт миң) сом;
-Соцфонд төлөмдөрү үчүн-17 066 (он жети миң алтымыш алты) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |