Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты №XXXII-2
Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине” 2019-жыл ичинде атайын эсепте үнөмдөлгөн акча каражатты бөлүп берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине” 2019-жыл ичинде атайын эсепте үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин” 2019-жыл ичинде атайын эсепте үнөмдөлгөн 505 409 (беш жүз беш миң төрт жүз тогуз) сом акча каражаты шаардын аймагындагы балдар бакчаларына төмөнкүчө бөлүнүп берилсин:
-“Курманжан-Датка” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесине”:
-2221-ремонт иштерине 185 000 ( бир жүз сексен беш миң) сом;
-“У.Салиева” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесине”:
-2222-ар түрдүү чыгымдарга ЧП Апсатаров Т-47 050 (кырк жети мин элүү ) сом;
-2222- ар түрдүү чыгымдарга -63 800 (алтымыш үч мин сегиз жүз) сом.
- “Балапан” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесине”:
-2222 ар түрдүү чыгымдарга-54 626 (элүү төрт мин алты жүз жыйырма алты) сом;
“Раяна-Нуру “ атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесине”:
-2221 ремонтко-76283 ( жетимиш алты мин эки жүз сексен үч) сом;
-3112 машиналар жана жабдуулар ОсОО “Башня Строй”-68650 (алтымыш сегиз миң алты жүз элүү) сом;
“Растишка” “Мектепке чейинки билим берүү мекемесине”:
-2222 -ар түрдүү чыгымдарга 10 000 (оң миң) сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |