НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын XXXII сессиясынын отуруму
2020-жылдын 10-марты №XXXII-4
Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражаттын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен:
-Барын кварталына курулуучу скважина үчүн 1 600 000 (бир миллион алты жүз миң) сом;
-Кара-Турпак кварталына курулган ФАП тын бүтпөй калган иштери үчүн (ажаткана, брусчатка, дарбаза ж.б.)-550 000 (беш жүз элүү миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |