Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты №XXXII-5
Ноокат шаар мэриясына, Ноокат шаардык кеңешине жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине белгиленген бир айлык эмгек акынын эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам катары берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомуна ылайык Ноокат шаар мэриясына, Ноокат шаардык кеңешине жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине белгиленген бир айлык эмгек акынын эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2020-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен штаттык бирдиктеги белгиленген бир айлык эмгек акысынан эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам ажыратылып берилсин:
-Ноокат шаар мэриясына:
-701-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 311 916 сом;
-2121 соц. фонду 53 805 сом;
-Ноокат шаардык кеңешине:
-701-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 99 824 сом;
-2121 соц. фонду 17 220 сом;
-709-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 17 954 сом;
-2121 соц. фонду 3 096 сом;
-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине:
-706-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 164 746 (бир жүз алтымыш төрт миң жети жүз кырк алты) сом;
-2121 соц. фонду 28 418 (жыйырма сегиз миң төрт жүз он сегиз) сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |