Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-март №XXXII-7
Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен:
-Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнө темир тосмо орнотуу үчүн 806 149 (сегиз жүз алты миң бир жүз кырк тогуз) сом;
-Борбордук айлампаны жана Ноокат шаар жазуусун оңдоп түзөө үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом;
-Шаардын көчөлөрүндөгү дарактарды бутоо үчүн 19 050 (он тогуз миң элүү) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |