Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты №XXXII-8
Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу Ош жана О.Солтобаев атындагы көчөлөрүнүн түнкү электр чырактарын алмаштыруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |