Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020–жылдын 08-февралы № 9-3
“Чеч-Дөбө айылынын ортоңку узун көчөсүнө Маликова Кундуздун наамын берүү” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Чеч-Дөбө айылынын тургуну , А.Осмонов атындагы орто мектебинин чыгаан мугалими Маликова Кундуздун наамын Чеч-Дөбө айылынын ортоңку узун көчөсүнө ыйгаруу үчүн депутат У.Ысакбаевдин баяндамасын ,айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Чеч-Дөбө айылынын тургуну , А.Осмонов атындагы орто мектебинин чыгаан мугалими Маликова Кундуздун наамын Чеч-Дөбө айылынын ортоңку узун көчөсүнө ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Чеч-Дөбө айылынын ортоңку узун көчөсүнүн үй номерлерин тактап,мыйзамдуулугун аныктоо жагы айыл башчы С.Рахмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин укук,регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М.Тойчуев |