Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 -жылдын 08-февралы № 9-4
“Күңгөй-Кожоке айылындагы ГСВнын иш кагаздарынын түп нускасы бала бакчага 0,12 га жери менен негизделгендиктен, анын чек арасы такталып,ашыкча 0,08 га жерин ГСВ куруу үчүн ажыратып берүү ” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Күңгөй-Кожоке айылындагы ГСВнын иш кагаздарынын түп нускасы бала бакчага 0,12 га жери менен негизделгендиктен, анын чек арасы такталып,ашыкча 0,08 га жерин ГСВ куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндө айыл башчы Т.Касиевдин билдирүүсүн ,айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Күңгөй-Кожоке айылындагы ГСВнын иш кагаздарынын түп нускасы бала бакчага 0,12 га жери менен негизделгендиктен, анын чек арасы такталып,ашыкча 0,08 га жерин ГСВ куруу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жаңы курулуучу ГСВ га тиешелүү болгон 0,08 га жерди ажыратып берүү үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн Жер жана Коммуналдык иштер боюнча башкы адиси М.Маликовго,айыл башчы Т.Касиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Тойчуев |