Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25 марты № 13
М.Сурановдун депутататтык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктуна,Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Регламентинин II-бөлүгүнүн 19.13- бөлүмүнө ылайык жана регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиянын алдын ала карап чыккан сунушунун негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутатты Суранов Марат Равшанович катары менен төрт жолу жүйөлүү себептерсиз кеңештин сессияларына,комиссиянын отурумдарына катышпагандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укугунан ажыратылсын.
2. Суранов Марат Равшановичти дептутаттык ыйгарым укугунан ажыратуу жана анын ордуна кезектеги талапкерга депутаттык мандат берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Арынов |