Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №27
“Мидл Эйша Эколоджикал Марбл Майнинг Ко. ЛТД” ЖЧКсына жер казынасын иштетүүгө берилген 5955 ТЕ лицензиясындагы жер аянтын трансформациялоого сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобосунун 1.2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдагы 12-апрелиндеги №261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдалануучуга жер участогун берүү жобосуна” таянып, Кыргыз Республикасынын өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген 5955ТЕ лицензиясынын негизинде жана “Мидл Эйша Эколоджикал Марбл Майнинг Ко. ЛТД” ишканасынын кайрылуусун карап талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан кен казып иштетүү максатында берилген 5955 ТЕ лицензиясындагы 8,70 га жер аянтынын ичиндеги өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына” которууга (трансформациялоого) сунушталсын.
2. 5955 ТЕ лицензиясындагы 8,70 га жер тилкесинин ичиндеги өзгөчө баалуу жерлерди “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына” которуу (трансформациялоо) үчүн документтерди даярдоо жана тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Арынов |