Загрузка документа…
КОК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-февралы № 23/9
“Айыл чарба сугат айдоо жер аянтын курулуш алдындагы жер аянтына (трансформациялоо) которууга макулдук берүү жөнундө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 73-беренесинин 1-белумунун 3-абзацына Кыргыз Республикасынын кметунун 31.10.2018- жылдагы №512 Токтому менен бекитилген убактылуу тартибине ылайык жана “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 Токтому менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтуу өз алдынча башкаруу ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтуу өз алдынча башкаруунун тийиштуу органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибине ылайык, Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын “Кара- Теке” участкасынын №186-контурундагы 40.0га айыл чарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, Көк-Жар айылындагы “Сарт-Арык” участксынын № 184-контурундагы 4,0га айылчарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, Көк-Жар айылынын “Алма-Бак” участкасынын №105- контурундагы 7,0га айыл чарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, Көк-Жар айылынын “Кырман” участкасынын №66-контурунан 6,0 га айыл чарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, жалпы 57,0 га сугат айдоо жерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 Токтому менен бекитилген убактылуу тартиби күчүнө киргенге, Кочкор райондук кенешинин 30.06.2008-жылдагы №10/57 Токтомуна жана Көк-Жар айылдык кеңешинин 12.05.2008-жылдагы №4 Токтому жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 14.05.2008-жылдагы 4-а Токтому чыгарылгандыгына байланыштуу сугат айдоо жер аянттарын курулуш алдындагы жер аянтына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № Токтому менен бекитилген убактылуу тартибине ылайык жер отчетуна өзгөрүү киргизип, тиешелүү документтерин тактап берүу жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кочкор районундагы филиалына жана райондук мамлекеттик администрациясынын жер участокторун которуу иштерин жүргүзүү (трансформациялоо) комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Торага А.Кадыракунов
Жиберилсин: иш кагазына, КРМАнын комиссиясына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кочкор районундагы филиалына, облустук юстиция башкармалыгына