Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХV –сессиясы

 

2020-жылдын 11-февралы № XXV- 1

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн калктуу конуш түзүү үчүн жер аянтын алмаштыруу сунушу жөнүндө

Гулистан айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн Чоң-Кыштоо айылынын эсебинде болгон жер аянтын Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн калктуу конуш түзүү үчүн жер алмаштыруу боюнча макулдук берүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып, Чоң-Кыштоо айылынын жана башка калктуу конуштардын тургундарынын пикирин билүү боюнча жалпы жыйналыш өткөрүлүп, айыл тургундары бул маселени мыйзамдуу жол мене чечип берүүнү сунушташкан. Гулистан айылдык Кеңеши Гулистан айыл аймагынын тургундарынын пикирин эске алып, Кыргыз Республикасынын «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундөгу» мыйзамынын негизинде, айылдык Кеңештин копетенциясы чегинде Гулистан айыл өкмөтүнүн Чоң-Кыштоо айылынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо максатында,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гулистан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо айылындагы жер аянты боюнча Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн калктуу конуш түзүү жөнүндөгү жер алмаштыруу боюнча сунушу кароосуз калдырылсын.

Гулистан айыл өкмөтүнө:

2.- Гулистан айыл өкмөтүнүн административдик аймагынын “Берксуу” участкасына өз-алдынча турак-жай салып, жашап жаткан Зулпуев айыл өкмөтүнүн Калдай калктуу конушунун жашоочуларынын турак-жай боюнча маселелерин тактап чыгуу Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адиси Тажимаматов Алимжанга тапшырылсын.

Чоң-Кыштоо айылынын эсебинде болгон, азыркы күндө “Кыргыз-Ата” Мамлекеттик жаратылыш паркы пайдаланып турган 43 гектар жер аянты кайра айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча керектүү документтерди тактоо тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Гулистан айылдык Кеңешинин айыл-чарба, курулуш, өнөр-жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

У.Мирзакулов