Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № XXV-2
Ноокат шаар мэриясынын Ноокат шаарынын башкы (Ген планын) иштеп чыгуу боюнча 10.02.2020-ж. № 0115/61 катын карап чыгуу жөнүндө
Гулистан айылдык Кеңеши Ноокат шаар мэриясынын 10.02.2020-ж. № 0115/61 Ноокат шаарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча катын жана 2040-жылга шаардын башкы планын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Программасын бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 17-августундагы № 490 Токтомун турмушка ашыруу максатында, Ноокат шаарынын башкы планын карап чыгып, айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн Ноокат шаарынын калктуу конуштарынын башкы планына кирген Гулистан айыл аймагынын калктуу конуштары айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистери тарабынан такталып чыгылсын.
2. Ноокат шаарынын калктуу конуштарынын башкы планына кирбеген айыл аймагынын калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгуу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ноокат шаарынын калктуу конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу жөнүндөгү маселе, такталган маалыматтардын негизинде кезектеги Гулистан айыл Кеңешинин сессиясында каралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр-жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |