Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № XXV-4
Гулистан айыл өкмөтүнүн таштандыларды ташып чыгаруу боюнча “Ноокат коммунальдык” ишканасы менен түзгөн келишиминин негизинде кызматтар үчүн төлөмдөрдүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл Кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн Ноокат шаарындагы АО “Ноокат коммунальщик” ишканасынын катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндөгү 2020-жылдын 12-февралындагы келишимин карап чыгып, айыл аймагынын айлана чөйрөсүн иретке келтирүү, таштандыларды ташып чыгаруу азыркы күндөгү көйгөйлүү маселе болгондугуна байланыштуу, бул маселени карап чыгып талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтунүн 2020-жылдын 12-февралындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндөгү АО “Ноокат коммунальщик” ишканасы менен түзгөн келишими бекитип берилсин.
2. Таштандыларды ташып чыгаруу кызматы үчүн төлөмдөрдүн тарифтери – 1 кап таштандыларды ташып чыгаруу элдин эсебинен 22 сом 29 тыйын болуп, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 10 сом болуп, жалпысы болуп 1 кап таштандылардын ташып чыгуунун баасы 32 сом 29 тыйын болуп белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнө: Айыл аймагын иретке келтирүү, таштандыларды ташып чыгуу боюнча тийиштүү адистер, айыл башчылар, көчө комитеттер элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Гулистан айыл Кеңешинин
төрагасы: У. Мирзакулов
Төрага | У.Мирзакулов |