Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты № 231
Ош шаарындагы кээ бир жер тилкелеринин фукционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 20-декабрындагы №443/09-6 А.Шакиров көчөсүнүн №13 дарегиндеги жалпы аянты 813,0 чарчы метр, 2020-жылдын 19-февралындагы №62/08-6, А.Шакиров көчөсүнүн №108/19 дарегиндеги жалпы аянты 3903,24 чарчы метр, 2020-жылдын 20-февралындагы №69/08-6 Ленин көчөсүнүн №938, 938-1 даректериндеги жалпы аянты 4109,6 чарчы метр, Курманжан Датка көчөсүнүн №420 дарегиндеги жалпы аянты 1862,0 чарчы метр, 2020-жылдын 20-февралындагы 71/08-6 Авиценна көчөсүнүн №11 дарегиндеги жалпы аянты 8748,0 чарчы метр, 2020-жылдын 20-февралындагы №73/08-6 Карашев көчөсүнүн №2 дарегиндеги 3360,0 чарчы метр жер тилкелеринин фукционалдык багытын өзгөртүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 20-февралындагы №3 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын аймагындагы төмөндөгү жер тилкелери жайгашкан аймактардын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүгө, Ош шаарынын башкы планынын жана тиешелүү мыйзамдардын талаптарын аткаруу шарты менен, макулдук берилсин:
- Карашев көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 3360,0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Мамлекеттик атайын ишкана мекемелерден” “Көп кабаттуу турак жайларга;
-Авиценна көчөсүнүн №11 дарегиндеги жалпы аянты 8748.0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Жогорку окуу жайлардан” “Көп кабаттуу турак жайларга” ;
-Шакиров көчөсүнүн №108/19 дарегиндеги жалпы аянты 3903,24 чарчы метр жер тилкесинин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга”;
-Шакиров көчөсүнүн №13 дарегиндеги жалпы аянты 813,0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга” ;
-Курманжан Датка көчөсүнүн №420 дарегиндеги жалпы аянты 1862,0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга” ;
-Ленин көчөсүнүн №938 жана 938-1 даректеринде жайгашкан жалпы аянты 3700,0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Автовокзалдар, деполор автостанциялардан” “Көп кабаттуу турак жайларга”.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
- жогоруда аталган жер тилкелеринин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүдө тиешелүү мыйзамдардын нормаларын сактоо менен иш алып баруу жана курулуштарга уруксат берүү жер тилкелерин шаар куруу түйүнүн эске алуу жагы милдеттендирилсин;
- Мамлекеттик шааркуруу жана архитектура долбоорлоо институна сунуш жөнөтүү сунушталсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Н.Мизанов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык
жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |