Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-декабры №3/3
“Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык Өнүгүү министрлигинин 2018-жылдын 3-августундагы № 43 буйругу менен белгиленген аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде Кара-Суу райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Савай айыл өкмөтүнүн келишими жана социалдык иштер боюнча адистердин ыйгарым укуктары жөнүндө
Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Савай айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу максатында социалдык иштер боюнча адистикке 3 (үч ) штаттык бирдикке жараша жумуш берүү маселеси каралып, талкууланып Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Савай айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу максатында социалдык иштер боюнча адис кызматына 3 ( үч ) штаттык бирдикке жараша жумушка кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Савай айылдык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сайпидиновго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Баимбетов |