САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги III сессиясы
2019-жылдын 29-декабры № 3/4
«Савай-Суу» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
КыргызРеспубликасыны «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Савай айыл өкмөтүнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, элден түшкөн суроо талаптарды эске алып, учурда иштеп жаткан ИСКААКБлардын ишин жакшыртуу үчүн аларды ирилештирип кайра түзүү максатында «Савай-Суу» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылөкмөтүнүн алдында «Савай-Суу» муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын.
«Савай-Суу»муниципалдык ишканасынын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттиктилде: «Савай-Суу» муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие «Савай-Суу».
«Савай-Суу» муниципалдык ишканасынын кыскартылган формалык аталышы:
Мамлекеттиктилде «Савай-Суу» МИ
Расмий тилде аталышы: МП «Савай-Суу»
2.» Савай-Суу» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3.Ушу токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы айылды ккенештин «Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына» жүктөлсүн.
Төрага | А.Баимбетов |