Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-декабры №3/5
Савай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга социалдык экономикалык өнүгүү сунун 2020-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Савай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңешинин VI-чакырылышы кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курбан-Кара жана Октябрь айылдарына таза суу линиясын тартуу үчүн долбоор түзүүгө 70629 бөлүгүнүн 2215 беренесинен 1350 000 сом;
- Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы көп жылдан бери сугат суу жетпей жаткан жерлерге эски насостун ордуна инвесторлордун жардамы менен сугат суу тартуу үчүн долбоор түзүүгө 70629 бөлүгүнүн 2215 беренесинен 500 000 сом;
- Октябрь айылындагы С.Аристанбеков атындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна 70921 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 2 000 000 сом, “Балаты” балдар бакчасына 70911 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 300 000 сом.
- Курбан-Кара айылына тротуар курууга 70629 бөлүмүнөн 3111 беренесинен 1200 000 сом, «Пионердин 50 жылдыгы «атындагы орто мектептин ичүүчү суусуна фильтр коюуга 70921 бөлүмүнүн 2222 беренесинен – 50 000 сом;
- Савай айылына ичүүчү таза суу коюуга 70629 бөлүмүнөн 3111 беренсинен 600 000 сом;
- Султан-Абад айылына түнкү жарыктандырууга жана шебень төгүүгө, айылдын ички жолдорун ондоого 70629 бөлүмүнүн 2222 беренесинен – 500 000 сом;
- Кесен-Жар айылындагы турак жайларды газ түтүктөрүнө улоого 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 350 000 сом;
-Кен-Сай айылына жаны чекке трансформатор бир дана жана электр мамыча орнотууга70629 бөлүмүнөн 3111 беренесинен 1 100 000 сом;
- Кыдырша айылынын жогорку көчөлөрүнө таза суу линиясын тартуу үчүн суу кампасын курууга 70629 бөлүмүнөн 3111 беренесинен 700 000 сом, Кыдырша айылынын жаны чектерине электр мамыча орнотууга 70629 бөлүмүнөн 3111 беренесинен – 100 000 сом,Кыдырша айылындагы
ФАПка ажааткана курууга 70629 бөлүмүнөн 3111 беренесинен 100 000 сом, «Ай бала» балдар бакчасына 70911 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 200 000 сом;
- Ынтымак айылынын жаңы чектерге электр мамыча жана чубалгыларын тартууга 70629 бөлүмүнөн 3111 беренесинен 600 000 сом, Ынтымак айылындагы чек ара бөлүгүнө мончо курууга 70629 бөлүмүнөн 3111 беренесинен 200 000 сом;
- Кыргыз Республикасында 2020-жылы боло турган Эл жана тупак жай фондун каттоого даярдык көрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунуну Календарлык планынын негизинде 2020-жылдын бюджетинен унаа, кеңсе бюмдарына(1 даана планшет),байланыш кызматына жана электр энергия чыгымдарына 70111 бөл 2215 беренесинен 200 000 сом;
- Савай айыл өкмөтүндөгү айылдарында жан катоо, мал жана үй канатууларын катоого70111 бөлүмүнүн 2215 беренесинен 135 000 сом;
- Савай айыл өкмөтүнүн вет адиси жана айыл башчыларынан өлгөн малдарды, жандыктарды көмгөнү «Яма Беккар» курууга70629 бөлүмүнөн 3111 беренесинен 300 000 сом;
- Савай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын эектр энергия эсептегичтерин жаңылоого жана көчөдөгү түнкү жарыктандырууларды каттоого алууга 70921 бөлүмүнүн 2222 беренесине 100 000 сом которулсун.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага | А.Баимбетов |