Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-февралы № 21\1
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү тууралуу 09.01.2020-жылы келтирилген № 11-20-20 чыгуу санындагы сунушту кароо жөнүндө
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын катынын негизинде “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Кашка-Жол айылдык Кеңешинде жүргүзүлгөн текшерүүнн жыйынтыгы тууралуу айылдык Кеңештин төрагасы Т.Оморовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүүдө аныкталган мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн айылдык Кеңештин депутаттары Алмазбек у Төрөгелди, Бакиров Жамшитбек, Турдубаев Ырысбек, Кулмаев Женишбек, Турганбаев Бактыбек, Маткасымов Эрмамат, Камурзаева Замира, Пусуров Орунбай, Акматов Доорбек, Эрмекбаева Элмира, Каримов Сивет, Нажимидинов Мееримбек ,Айдаралиев Кымбатбек, Кочкорбай уулу Канатбек, Ыдырысов Анарбай жана бардык депутаттары эскертилсин жана аларга мындан ары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, анын ичинде жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарынын бузулушуна жол бербей, сакталышын камсыз кылуу жана Мыйзам талаптарын так аткаруу жагы милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылшшын көзөмөлдөө Кашка-Жол айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Оморов |