Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-июну № 17/1
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 13 - июнь 2019-жылдагы № 3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнө тартылган инвестициялардын 1-Май айылындагы Ак-Таш атындагы көчөсүндө жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин жаны мектеп имарат курулушунун, Кара-Кулжа айылында жайгашкан Ш.Жээнбеков атындагы мектеп интернатынын жер аянтына кесиптик техникалык окуу жайынын имаратынын курулушунун, № 29 кесиптик лицейдин жанындагы 90- оорундуу бала бакча, нан бышыруучу цех жана мечит курулушунун, Сары –Камыш айылына жаны ФАП курулуштардын долбоорун жана ПСД сын каржылоого айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин, латокко болунгөн акча каражатынан 750.000 сом, инвестициялык долбоорго болунгөн акча каражатынан 1.500.000 сом, Э.Осмонов мектебине болунгөн акча каражатынан 400.000 сом, Палван сарайды ондоого болунгөн акча каражатынан 1.000.000 сом жалпы 3.650.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин
төрагасынын орун басары: М.Исраилов.