Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-июну № 17/3
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн социалдык багыттагы мүмүкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оор тургундарды материалдык жактан колдоо учун айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси А.Мойдунованын 11-июнь 2019-жылдагы № 28 өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн социалдык багыттагы мүмүкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оор тургундарды материалдык жактан колдоо учун айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн социалдык багыттагы мүмүкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оор тургундарды материалдык жактан колдоого айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин Палван сарайды ондоого болунгөн акча каражатынан 500.000 (беш жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | М.Исраилов |