Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-июну № 17/4
Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан Бабалы көрүстөндүн тушундагы Беш-Жар ички каналын ондоо үчүн айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан Бабалы көрүстөндүн тушундагы Беш-Жар ички каналын ондоо үчүн айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизилсин.
2. Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан Бабалы көрүстөндүн тушундагы Беш-Жар ички каналын 3 (үч) км. аралыгын ондоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен ГСМ (цолярка) менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | М.Исраилов |